Талас облусунун Кара-Буура районунда жаңы бала бакча ачылды

Талас облусунун Кара-Буура районунда жаңы бала бакча ачылды. Мектепке чейинки даярдоо мекемеси 50 орунга ылайык жана ал Маймак айылында жайгашат. Анын жалпы аянты 450 чарчы метрди түзөт. Бакча бардык керектүү эмерек, техника жана жабдуулар менен камсыздалды. Курулушка 18 миллион сом сарпталды. Каражат чет элдик донор… Кененирээк…

Кыргызстанда быйыл 100 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат

Кыргызстанда быйыл 100 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат. Бул тууралуу билим берүү министрлигинен билдиришти. Мектепке чейинки даярдоо мекемелерин үстүбүздөгү жылдын декабрына чейин Ош жана Баткен облустарында ишке киргизүү пландалууда.  Ведомстводон белгилешкендей, 2021-жылы аталган бакчаларды ачуу боюнча жалпысынан 500 өтүнмө кабыл алынган. Калгандары тиешелүү документтер даярдалып,… Кененирээк…

Бишкекте 140 орундуу бала бакча калаанын балансына өтөт

Бишкекте 140 орундуу бала бакча калаанын балансына өтөт. Мэриядан билдиришкендей, мектепке чейинки даярдоо мекемеси Карасаев көчөсүндө жайгашат жана ал 4 тайпага ылайык. Буга чейин имаратта спорттук мекеме жайгашкан. Учурда анда иштеп жаткан кызматкерлер башка объектке көчүрүлүүдө. Имаратты тез арада бакчага ылайыкташтыруу тапшырмасы тиешелүү кызматтарга тапшырылды.

Ошто жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Ошто жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, мектепке чейинки даярдоо мекемеси Дача кичирайонунда жайгашат. Бакча эки кабаттуу жана ал 75 бөбөккө чакталды. Курулуш иштери 5 айга созулуп, мекемеде балдарды тарбиялоого бардык шарттар түзүлдү.

«Ак-Ордо» конушундагы жаңы бала бакчанын курулушу уланууда

«Ак-Ордо» конушундагы жаңы бала бакчанын курулушу уланууда. Мэриядан билдиришкендей, мектепке чейинки даярдоо мекемеси Садыр-Аке жана Каркыра көчөлөр кесилишинде жайгашат. Объект эки кабаттуу жана 280 орунга чакталат. Учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Ага каражат шаардык бюджеттен берилди. Бакчаны кийинки жылы пайдалануга берүү пландалууда.

Бишкектин Арча-Бешик конушунда бала бакчанын курулушу уланууда

Бишкектин Арча-Бешик конушунда бала бакчанын курулушу уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, учурда объекттин биринчи кабаты көтөрүлүүдө. Анын менен бирге тышкы инженердик тармактары өткөрүлдү. Мектепке чейинки даярдоо мекемеси 180 орунга ылайык. Аны быйыл жыл аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда. Курулуш иштери шаардык бюджеттин эсебинен каржыланат.

Бишкектин Арча-Бешик конушунда бала бакчанын курулушу уланууда

Бишкектин Арча-Бешик конушунда бала бакчанын курулушу уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, учурда объекттин биринчи кабаты көтөрүлүүдө. Анын менен бирге тышкы инженердик тармактары өткөрүлдү. Мектепке чейинки даярдоо мекемеси 180 орунга ылайык. Аны быйыл жыл аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда. Курулуш иштери шаардык бюджеттин эсебинен каржыланат.

Чүй облусунун Жайыл районунда жаңы бала бакча пайда болду

Чүй облусунун Жайыл районунда жаңы бала бакча пайда болду. Мектепке чейинки даярдоо мекемеси Новониколаевка айылында орун алат. Бакча 100 орундуу жана анда балдарды тарбиялоого бардык шарттар түзүлдү. Долбоордун наркы 32 миллион сомду түзөт. Каражат Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан берилди

Чүй облусунун Панфилов районунда жаңы бала бакча ачылды

Чүй облусунун Панфилов районунда жаңы бала бакча ачылды. Мектепке чейинки даярдоо мекемеси Кум-Арык айылында жайгашат жана ал 50 орундуу. Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинен билдиришкендей, объект бардык керектүү эмерек, техника жана жабдуулар менен камсыздалды. Курулуш иштерине жалпысынан 22 миллион сом жумшалды.

Бишкектин 6-кичирайонунда бала бакча ачылат

Бишкектин 6-кичирайонунда бала бакча ачылат. Мэриянын маалыматына караганда, кеп, №44-мектепке чейинки даярдоо мекемеси тууралуу болуп жатат. Объекттин жылытуу системасы оңдоп-түзөөдөн өттү. Иштер толук аяктады. Эми эртеңден тартып бакчага бөбөктөр кабыл алынып баштайт.