Чүйдүн Прогресс айылында 275 орундуу жаңы мектеп салынууда

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, учурда иштердин 45 пайызы аяктады.   Мектеп заманбап үлгүдө курулуп, окуучулардын билим алышы үчүн бардык шарттар каралат. Алсак, негизги окуу класстарынан тышкары китепкана, лаборатория, ашкана, эмгек жана компьютердик класстар, ошондой эле спорт зал болот.   Курулуш иштери 2025-жылдын сентябрь айында башталган объекттин… Кененирээк…

Кыргызстанда окуу жайларда контрактты көтөрүүгө мораторий киргизилди

Кыргызстанда 2026-2027-окуу жылында кесиптик жогорку жана орто билим берүү уюмдарында окуу үчүн акыны жогорулатууга мораторий киргизилди. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, бул окуу жайлардын формасына жана статусуна карабастан жайылтылат.   Мындай чечим жарандарды социалдык коргоону күчөтүү, билим алуучулардын укуктарын жана муктаждыктарын ишке ашыруу… Кененирээк…

Мектеп окуучуларынын формасы өзгөртүүсүз калтырылды

Мектеп окуучуларынын формасы боюнча түзүлгөн жумушчу топ өкмөттүн 2015-жылдагы токтомун өзгөртүүсүз калтырды. Агартуу министрлиги билдиргендей, мындай чечим мугалимдер, ата-энелер, окуучулар жана адистердин пикирин эске алуу менен кабыл алынды.   Маалыматка ылайык, көпчүлүк учурларда ата-энелер балдарына үстү ачык түстө, асты кочкул түстө болгон талапка ылайык мектеп… Кененирээк…

Тоң районунда 98 млн сомго жаңы мектеп курулду

Тоң районунун Ала-Баш айылында 550 окуучуга ылайыкталган заманбап мектеп курулду.   Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда мектептин айланасына асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.   Мектепте заманбап окуу класстары, дарыгердин бөлмөсү, китепкана, ашкана, лаборатория, балдар жана кыздар үчүн өзүнчө эмгек класстары, жыйындар залы жана бардык… Кененирээк…

Өзгөндө 150 орундуу мектеп курулду

Өзгөн районунун Кара-Такыр айылындагы 150 орундуу мектептин курулушу аяктады.   Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоор мамлекеттик бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 109,5 млн сомду түздү. Курулуш иштери 2024-жылдын декабрь айында башталган.   Мектеп эки кабаттуу имараттан турат. Анда заманбап окуу класстары, лаборатория,… Кененирээк…

Мугалимдерге 15 миң сом өлчөмүндөгү президенттик компенсация төлөнөт

Мугалимдерге 15 миң сом өлчөмүндөгү президенттик компенсация төлөнөт.   Агартуу министрлигинин бюджеттик саясат, каржылоонун анализи жана инфраструктура башкармалыгынын жетекчиси Акыйкат Баймуратова билдиргендей, ал эми техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга 5 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация берилет.   Белгилеп кетсек, 1-апрелден тарта мугалимдердин айлык акысы жогорулады.… Кененирээк…

Баткендеги Жаңы Достук айылында 100 орундуу заманбап бала бакча курулууда

Баткен районунун Жаңы Достук айылында 100 орундуу заманбап бала бакча курулууда.   Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, республикалык бюджеттен каржыланган объекттин баасы 64 млн сомду түзөт.   Бала бакчанын жалпы аянты дээрлик 1 миң чарчы метрди түзүп, эки кабаттуу имараттан турат.  … Кененирээк…

Быйыл жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат

Кыргызстанда жаңы окуу жылы 1-сентябрда эмес 15-сентябрда башталат. Бул тууралуу Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.   Маалыматка ылайык, мунун себеби 31-август, 1-сентябрь күндөрү Бишкекте өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине байланыштуу.   Эске салсак, жазгы каникул төрт күнгө… Кененирээк…

Кыргызстанда чет элдик студенттерди кабыл алуу борбору түзүлдү

Бул тууралуу илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлиги билдирди.   Бул мекеме чет элдик студенттерди Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга кабыл алууну координациялайт.   “Борбор биздин окуу жайлар тууралуу чет өлкөлөрдө маалымдоо иштерин жүргүзүү, аларды окууга тартуу, түшүндүрүү менен алектенет. Ошону менен бирге виза маселелери… Кененирээк…

Ош шаарында 700 орундуу жаңы мектеп курулууда

Ош шаарындагы Ишкаван айылына үч кабаттуу мектеп курулууда. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттен каржыланууда.   Мектеп заманбап үлгүдө курулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн да атайын шарттар каралат. Анда 700 окуучуга ылайыкталган окуу класстары, лаборатория, ашкана, китепкана, 300 көрүүчүгө чакталган… Кененирээк…