FIFA рейтингинде Кыргызстан 106-орунду ээледи

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы FIFAнын рейтингинде 106-орунду ээледи.   Жаңыланган тизме уюмдун сайтында жарыяланды. Ага ылайык, Испаниянын курама командасы биринчи орунга чыкты. Экинчиде Франция, дүйнөнүн учурдагы чемпиону Аргентина үчүнчү сапка жайгашты.   Өзбекстан 54-сапта болсо, Казакстандын курама командасы 118-орунду ээледи.   Ушул жана башка… Кененирээк…

ФИФАнын Борбор Азия боюнча кеңсеси Ташкентте ачылат

Тиешелүү макулдашууга коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев менен Эл аралык футбол федерациясынын башчысы Джанни Инфантинонун жолугушуусунда жетишилди.   Иш-чаранын алкагында жаш таланттарды жана эл аралык деңгээлдеги машыктыруучуларды, калыстарды, адистерди даярдоо маселелери талкууланды.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Өзбекстан менен беттешет

Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Өзбекстан менен беттешет.   Мелдеш Борбор Азия футбол ассоциациясынын кубогунун топтук этабынын үчүнчү туру алкагында өтөт.   Курама командалар Ташкенттеги стадиондо жолугушат. Оюн Бишкек убактысы боюнча кечки саат 20:30да башталат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg… Кененирээк…

Жоэл Кожо Өзбекстандын “Нефтчи” футбол клубуна өттү

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын чабуулчусу Жоэл Кожо Өзбекстандын суперлигасында ойногон “Нефтчи” клубуна өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.   Футболчу ирандык «Эстеглял» клубунун оюнчусу болуп саналат жана келишим боюнча ал сезондун аягына чейин Ферганада ойнойт. Анын жыйынтыгында ал кайрадан Иранга кайтып барат.… Кененирээк…

Максим Лисицын улуттук кураманын башкы машыктыруучусу кызматынан кетти

Орусиялык адис Максим Лисицын Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу кызматынын кетти.   Анын 2024-жылы Кыргыз футбол биримдиги менен түзгөн бир жылдык келишими ушул жылдын июнь айында аяктады. Башкы машыктыруучу менен кошо анын машыктыруучулук штабы да ишин токтотту.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Футбол: Бүгүн Кыргызстан менен Түндүк Корея беттешет

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Түндүк Корея менен беттешет. Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, оюн Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында бүгүн болот.   Беттеш 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын III тандоо раундунун алкагында өтөт.   Кыргызстандыктар бул оюнду Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 12:15те көрө алышат.   Ушул жана… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы БАЭ менен чечүүчү беттеш өткөрөт

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бириккен Араб Эмирлиги менен чечүүчү беттеш өткөрөт. Оюн 10-июнда кечки саат 19:45те Бишкекте болот.   Эске салсак, бул раундда 18 команда үч тайпага бөлүнгөн. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы менен ар бир тайпадан эки мыкты команда Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алат. Үчүнчү… Кененирээк…

Күзүндө үч жаңы футболдук стадион пайдаланууга берилет

Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, алар Токтогул, Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай шаарларында жайгашат. Объекттерге прожекторлор орнотулуп, талаа даярдалууда.   Ошондой эле трибуналар, чатырлар, чуркоо жолу жана башка керектүү элементтер болот.   Маалым болгондой, Токтогул жана Таш-Көмүр шаарларындагы стадиондор Улуттук лигада ойногон клубдардын балансында болот. Ал жерде уландар… Кененирээк…

Футбол боюнча олимпиадалык кураманы бразилиялык адис машыктырат

Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курамасына (U-23) жаңы башкы машыктыруучу дайындалды.   Кыргыз футбол биримдиги билдиргендей, аталган кызматка бразилиялык адис Эдмар Ласерда келди. Ал кезинде бир топ профессионалдык клубдарда ойногон.   Машыктыруучу кыргыз курамасын ушул жылдын сентябрь айында өтө турган Азия кубогунун тандап алуу оюндарында дайындайт.… Кененирээк…

Чүй облусунда “Достук Арена” стадиону ачылды

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Беш-Күнгөй айылында “Достук Арена” стадиону ачылды. Бул тууралуу кыргыз футбол союзунан билдиришти.   Жаңы объектте футболчулар жана күйөрмандар үчүн бардык шарттар каралган. Расмий өкүлдөр жана VAR-системасы үчүн дагы бөлмөлөр бар.   Стадиондун ачылышында Кыргызстандын премьер-лигасынын 7-турунун алкагында “Талант” жана “Алга” футболдук… Кененирээк…