Эки улуттук кардиологиялык кызматтын жетекчилери жумуштан кетти

Эки улуттук кардиологиялык кызматтын жетекчилери жумуштан кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министр Каныбек Досмамбетов Улуттук кардиология жана терапия борбору (НЦКиТ) менен Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда (НИИХСиТО) жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жыйын өткөргөн. Текшерүүдө кардиология борборунда бейтаптарга шашылыш жардам… Кененирээк…

Кыргыз улуттук университетинен 2 710 студент окуудан айдалды

Кыргыз улуттук университетинен 2 710 студент окуудан айдалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Атайын кызмат аталган окуу жайдан кызматтык жасалмалоо фактыларын аныктаган. «Текшерүүдө окуу жайда студент катары катталып, бирок окууга келбей жүргөндөр бар экени белгилүү болгон. Натыйжада 2 710 адам окуу жайдан чыгарылды», — деп айтылат… Кененирээк…

Санариптик өнүктүрүү министрлигинде ири суммадагы мыйзам бузуу аныкталды

Санариптик өнүктүрүү министрлигинде 979 миллион 244 миң сомдук мыйзам бузуулар аныкталганын Эсептөө палатасы билдирди. Ведомство 2022-жылга карата министрликтин бюджетинин аткарылышы боюнча аудит жүргүзгөн. Айтылган сумманын ичинен 90,4 миллион сомдун орду толтурулуп, дагы 122 миллион 418 миң сому калыбына келтирилиши керек. Калган сумма аудиттин жыйынтыгы менен… Кененирээк…

Ак-Буура дарыясынын жээги боюнча комиссия түзүлдү

Ош шаарын аралап өткөн Ак-Буура дарыясынын корук аймактарында жайгашкан курулуштар, жер тилкелерин тактоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу комиссия түзүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.   Тийиштүү мамлекеттик органдардан түзүлгөн комиссия дарыянын жээгиндеги жер тилкелерин аныктап, анализдеп сунуш беришет. 14-июлда катуу жаандан кийин… Кененирээк…

Ош шаарынын бюджетин аткарууда дээрлик 1 млрд сомдук каржылык бузуу аныкталды

Ош шаарынын 2022-жылкы бюджетин аткарууга жасалган аудиттин жүрүшүндө 945 млн 816 миң сомдук каржылык бузуу аныкталды. Бул тууралуу 31-майда Эсептөө палатасы кабарлады.   Мунун ичинен 395 млн 564,8 миң сом калыбына келтирилиши керек. Буга чейин 110 млн 98,9 миң сом калыбына келтирилген. Маалыматта ар кайсы суммадагы каражаттар… Кененирээк…

Сузак районунда балдарды “Портер” коюп кеткен окуяны иликтөө боюнча президенттин буйругу менен атайын комиссия түзүлдү

Сузак районунда балдарды “Портер” коюп кеткен окуяны иликтөө боюнча президенттин буйругу менен атайын комиссия түзүлдү.   “Кабар” жазгандай, анын курамына профилдик министрликтердин жана өлкө башчы администрациясынын өкүлдөрү кирди.   Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен тиешелүү чечим кабыл алынат. Эске салсак, каргаша 2-майда жайлоодо “Урааным Манас” сынагы… Кененирээк…

Сузакта балдарды сүзүп кеткен унаанын айдоочусу үй камагына чыкты

Сузакта балдарды сүзүп кеткен Hyundai Porter автоунаасынын айдоочусу үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашты. Мындай чечимди Жалал-Абад шаардык соту кабыл алган. «Окуядан кийин Ж.Б. аттуу адам ОИИБге жеткирилип, суракка алынып, андан кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Жалал-Абад… Кененирээк…

Сузактагы окуядан кийин милиция жетекчилери иштен алынды

Сузакта балдарды автоунаа тебелеп кеткен окуяга байланыштуу милицияда иштеген бир катар жетекчилер кызматтан алынды.   Мекемелер аралык комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, аны орун басары, фестиваль өткөн аймакты тейлеген Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы жумуштан бошотулду. Андан тышкары, коопсуздук маселесине… Кененирээк…

«Кыргызаэронавигация» ишканасында мыйзамсыз фактылар аныкталды

«Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери 54 миң долларды мыйзамсыз ыйгарып алганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, Кыргыз транспорттук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы менен «Ч.С.Э.» ААКна караштуу авиакомпаниясынын ортосунда учак аба кемелери үчүн аэронавигациялык кызматтар боюнча келишимдер… Кененирээк…

Эмгек министринин орун басары кармалды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу схемасы аныкталды.   Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы Эмгек министринин орун басары Улан Чаначев кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.