Дарыгерлер кенелерден сак болууга чакырат

Дарыгерлер кенелерден сак болууга чакырат. Бишкектин санэпидем көзөмөл борборунан билдиришкендей, учурга карата 20 адам аталган курттардан жабыркап медицина кызматкерлерине жардамга кайрылды.   Кенелер Чүй облусунун чектеш аймактарында көп кездешет. Жаратылыш койнуна чыккандар өзгөчө этият болушу керек. Кене жабышса, аны өз алдынча суурубай, дарыгерлерге кайрылуу зарыл,… Кененирээк…

Өзгөндө жаандын кесепетинен 5 үйдүн короосун суу каптады

Өзгөн районунда жаандын кесепетинен Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн Ала-Кызыл айылында кокту-колоттордон келген сел суулар 5 турак үйдүн короосун каптаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, ошондой эле Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Какыр айылында сел жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Өзгөн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ычам топ, айыл аймактан 1… Кененирээк…

“Сосновка” түйүнүндө оор жүк ташыган унааларга кайрадан чектөө киргизилди

Ош-Бишкек унаа жолунун “Сосновка” түйүнүндө оор жүк ташыган унааларга кайрадан чектөө киргизилди. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына караганда, мындай чечим бүгүн түшкү саат 12де кабыл алынды. Оор жүк ташыган айдоочулар үчүн жол эртең менеки саат 8де ачылган. Бирок алар ашууда тыгын пайда кылышты, — деп… Кененирээк…

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу убактылуу жабылды

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу убактылуу жабылды. Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан Novosti.kgге билдиришкендей, аталган жолдун 296-297 чакырымында тактап айтканда, Долон ашуусунда бүгүн кар көчкү түшүп, кыймылга чектөө киргизилди. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүүдө.