Франция саякатчылардын өлкөгө кирүүсү үчүн ковид чектөөлөрүн алып салды

Франция саякатчылардын өлкөгө кирүүсү үчүн коронавирус чектөөлөрүн алып салды. Туристтер мындан ары эмдөө сертификаттарын көрсөтүп же ковид тесттерин тапшырышы керек эмес. Бирок, жарандарга дагы эле сактык чараларын, анын ичинде коомдук транспортто беткап кийүү талап кылынууда. Аталган мамлекетте COVID-19дун жаңы учурлары кескин кыскарды.

Pfizer вакцинасынын Кыргызстанга жеткирилиши июлдун орто ченинде күтүлүүдө

Pfizer вакцинасынын Кыргызстанга жеткирилиши июлдун орто ченинде күтүлүүдө. Бул тууралуу 24 агенттигине Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти. Учурда кыргызстандыктар коронавируска каршы Sinopharm вакцинасы менен эмделсе болот. Жалпысынан 8-июлга карата 1 миллион 600 миңге жакын адам ковид вакцинасынын биринчи дозасын алса, 1 миллион 400 миңге жакын жаран… Кененирээк…

COVID-19: Бир күндө 28 адамдан табылды

Кыргызстанда 12-июлга карата 28 адамдан коронавирус табылды. Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришкендей, катталган учурлардын ичинен 20сы өздөрү (оорунун белгилери байкалгандыктан) кайрылышкан, алты адамда ПЦР-тесттен аныкталса, экөө сырттан келгендер. Учурда илдетке кабылгандардын экөө ооруканага жаткырылды. Эске салсак, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирустун 201 миң 243 учуру катталган.

Кыргызстанда Pfizer вакцинасы түгөнүп калды

Кыргызстанда Pfizer вакцинасы түгөнүп калды. Бул тууралуу Novosti.kgге Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти. Белгиленгендей, борбор COVAX компаниясына дары-дармектин кийинки партиясын алууга арыз берген. 100 миң дозалык вакцина 10-июлдан кийин келет. Кошумчалай кетсек, учурда Кыргызстанда Sinopharm жана Sinovac вакциналары чоң көлөмдө бар. Алар да калкты коронавируска каршы… Кененирээк…

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун кезектеги толкунуна даяр

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун кезектеги толкунуна даяр. Бул тууралуу Медициналык жардам көрсөтүү жана дары саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурида Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, ооруга чалдыккандардын саны көбөйсө, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында кызыл зона ачылат. Зарыл болсо, башка ооруканаларда кошумча орундар уюштурулат. Чиновниктер керебеттер жана дары-дармектер… Кененирээк…

Португалия ковидге каршы чектөөлөрүн алып салды

Португалиянын бийлиги башка өлкөлөрдүн артынан чет элдик туристтер үчүн COVIDге каршы бардык чектөөлөрдү жокко чыгарды. Жаңы эрежелерге ылайык, саякатчылардан мындан ары коронавирус вакцинасынын сертификатын же ПЦР тестин көрсөтүү талап кылынбайт. Мындай чечим эпидемиологиялык кырдаалга жана калк арасында эмдөөнүн жогорку деңгээлине байланыштуу кабыл алынды.

“Манас” эл аралык аэропортунда ПЦР-тест тапшырууну талап кылууда деген маалымат чындыкка дал келбейт

“Манас” эл аралык аэропортунда ПЦР-тест тапшырууну талап кылууда деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу аталган аба майдандын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргызстанга келгендер үчүн бардык талаптар жокко чыгарылган. Өзбекстан, Казакстан жана Түркия да ушул жылдын июнь айында ковидге каршы тест же эмдөө… Кененирээк…

Кыргызстандыктар ПЦР тести жок кайсы өлкөлөргө бара алат?

Республикалык штаб кыргызстандыктар ПЦР тести жок кайсы өлкөлөргө бара алары тууралуу маалымат таратты. Белгилүү болгондой, ушул тапта Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Россияга киргенде ковидге каршы документ көрсөтүүнүн кажети жок. Ошондой эле, жакындан тарта Түркия, Кипр, Грузияга бара турган чет мамлекеттердин жарандарынан COVID-19 вакцинасынын сертификатын… Кененирээк…

Сауд Аравиясы коронавируска карата киргизилген чектөөлөрдү алып салды

Сауд Аравиясы коронавируска карата киргизилген чектөөлөрдү алып салды. Ички иштер министрлигинин чечими падышачылыктагы эпидемиялык абалга мониторингдин жыйынтыгы боюнча кабыл алынды. Эми Сауд Аравиясында Меккедеги чоң мечиттен жана Мединадагы Мухаммед пайгамбардын мечитинен башка коомдук жайларда беткап кийүү талап кылынбайт. Аба каттамдары үчүн эмдөө сертификаттарды жана ПЦР… Кененирээк…

Өзбекстан өлкөгө келгендер үчүн ковидге каршы чектөөлөрдү алып салды

Өзбекстан өлкөгө келгендер үчүн ковидге каршы чектөөлөрдү алып салды. Чек ара мындан ары ПЦР тестин же эмдөө сертификатын талап кылбайт. Чечим 10-июндан тарта күчүнө кирет. Белгилеп кетсек, буга чейин ушундай эле чечимди Казакстан кабыл алган. Ал жакта чектөө эртең, 8-июндан тарта жокко чыгарылат.