Бишкек шаарынын күнүнө карата майрамдык концерт өтөт

Мэриядан билдиришкендей, иш-чара 29-апрелде борбордук Ала-Тоо аянтында уюштурулат.   Анда маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамааттарынын концерти, ачык асман алдында “Вальс кечеси” фестивалы болот.   Эске салсак, быйыл ордо калаанын түптөлгөнүнө 148 жыл болду.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Маданий иш-чаралар беш локацияда өтөт

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы маданий иш-чаралар беш локацияда өтөт. Бул тууралуу Novosti.kgге аталган оюндардын эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов билдирди.   “Өрнөктөгү “Курманжан датка” музейи, Рух-Ордодо, Ат майданда, “Номад” деген амфитеатрда жана Кырчын жайлоосунда чоң-чоң фестивалдар уюштурулуп жатат. Анда көчмөндөрдүн негизги концепциясы камтылат.”… Кененирээк…

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында учурда ыктыярчыларды тандоо жүрүүдө

Быйыл Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында учурда ыктыярчыларды тандоо иштери жүрүүдө. Novosti.kgге аталган оюндардын эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов билдиргендей, бул багытта тогуз миң билдирүү келип түштү.   “Бизде сүйүнө турган учур экен. Кыргызстанда абдан көп тил билген жаштар көбөйүптүр. Англис,… Кененирээк…

Көчмөндөр оюндарына көкбөрү жана көкпар да киргизилди

Быйыл Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына көкбөрү жана көкпар да киргизилди. Бул тууралуу Novosti.kgге Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов билдирди.   “Параллелдүү таблица түзүлөт. График болот. Топ-тобу менен ойношуп, бири-бирине тоскоол болбой, бир аянтчадан 14 мамлекеттен келе турган… Кененирээк…

Көчмөндөр оюндары: спорттун 40тан ашык түрүнөн мелдештер өтөт

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында спорттун 40тан ашык түрүнөн мелдештер өтөт. Бул тууралуу Novosti.kgге Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов билдирди.   “Оюндардын 43 түрү бар. Негизи муну көптөр кыргыздардын эле оюндары деп ойлоп калышат экен. Бирок андай эмес. Анткени долбоор эл аралык… Кененирээк…

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чет өлкөлүк катышуучуларды каттоо 1-майда башталат

Быйыл Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чет өлкөлүк катышуучуларды каттоо 1-майдан тарта башталат. Бул тууралуу Novosti.kgге аталган оюндардын эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов билдирди.   “Бүгүнкү күндө биз 50 өлкөдөн катышуу макулдугун кат түрүндө алдык. Бирок биз 100 өлкөгө жөнөткөнбүз. Мен ойлойм,… Кененирээк…

“Жыргалаң” тоо-лыжа курортунда асма аркан жол сыноодон өткөрүлдү

“Ала-Тоо Резорт” ишканасы билдиргендей, иштер өз нугунда уланууда.   Техникалык жөнгө салуу, кызматкерлерди окутуу жана долбоорду ишке киргизүүгө даярдык жүрүп жатат.   Учурда “Ала-Тоо Резорт” тоо класстерин ишке ашыруу максатында өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча жер тилкесин сатып алган ишкерлер курулуш иштерин жүргүзүшүүдө.

Баткенде “Айгүл гүлү” эл аралык фестивалы өтөт

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, иш-чара 20-21-апрель күндөрү уюштурулат.   Фестиваль Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү Айгүл гүлүн эл аралык деңгээлде таанытуу, коңшу мамлекеттер менен маданий байланышты чыңдоо жана достук-ынтымакты бекемдөө максатын көздөйт.   Саамалыкка Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан да кол өнөрчүлөр, өнөрпоздор… Кененирээк…

Манас эпосу жаңы тилде жарык көрдү

Маданият министрлигинен билдиришкендей, үчилтик — «Манас», «Семетей», «Сейтек» дунган тилине которулуп, өзүнчө китеп болуп басылды.   Китептин салтанаттуу бет ачары 20-апрелде Кыргыз улуттук «Манас» театрында өтөт.