Ноорузга карата Бишкекте майрамдык программа даярдалды

Ноорузга карата Бишкекте майрамдык программа даярдалды. Мэрия маалыматына ылайык, 21-мартта Ала-Тоо аянтында күндүзгү саат 11ден түнкү 10го чейин майрамдык иш-чаралар уюштурулат.   Шаар тургундары жана конокторуна улуттук оюндар, спорттук мелдештер, кол өнөрчүлүк көргөзмөлөр жана концерттик программа тартууланат.

Жалал-Абадда Эгемендүүлүк күнү белгиленүүдө

Бүгүн, 30-августта Жалал-Абад шаарында өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара президент Садыр Жапаровдун, ошондой эле министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн катышуусунда өтөт. Кечинде саат 18:00дөн 01:00гө чейин шаардын борбордук аянтында чоң гала-концерт болот. Шаар тургундарына жана конокторуна белгилүү чет элдик аткаруучулар – Николай Басков, Люся Чеботина,… Кененирээк…

Кыргызстанда парад 8-майда өтүп, Жеңиш күнү президент Москвада болот

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке арналган парад 8-майда өтөт. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Маалыматка ылайык, аскердик парад «Ала-Тоо» аянтында болот. Ал эми 9-майда Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадына катышарын президенттик администрациядан тастыкташты.

Кыргызстанда Нооруз белгиленүүдө

Бишкектеги эски аянттагы Нооруз майрамы “Кел, куттуу Ноорузум” деген театралдаштырылган пролог менен башталды. Шаар мэри Айбек Жунушалиев куттуктоо сөз сүйлөп, майрамконцерт менен коштолуп жатат.   Аянтта кыргыз элинин каада-салты, үрп-адатын чагылдырган оюн-зооктор уюштурулган.   Оштун башкы аянтында Нооруз майрамы президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүүдө. Ал… Кененирээк…