Россияга барууну пландап жаткан кыргызстандыктарга өздөрүн “кара тизмеден” текшерип алуу сунушталат

Россияга барууну пландап жаткан кыргызстандыктарга өздөрүн “кара тизмеден” текшерип алуу сунушталат.   Эмгек министрлигинен билдиришкендей, тизме Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун сайтында жарыяланган.   Андан тышкары, Россия аймагында мыйзамдуу жүрүү үчүн 30 күн ичинде медициналык кароодон, дактилоскопиялык каттоодон өтүп, сүрөткө түшүп, миграциялык органдын каттоосуна… Кененирээк…

Россиянын “кара тизмесинде” 75 миңдей кыргызстандык калды

Россиянын “кара тизмесинде” 75 миңдей кыргызстандык калды. “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, алар Россия аймагынан тез арада чыгып кетиши керек.   Эске салсак, Россиянын президентинин жарлыгына ылайык, ал жакта мыйзамсыз жүргөн мигранттар 30-апрелге чейин өзүнүн укуктук абалын мыйзамдаштырышы керек болчу.   Дипломатиялык сүйлөшүүлөрдөн кийин мөөнөт… Кененирээк…

Россияда депортациядан кийин фамилиясын өзгөрткөн мигранттар тууралуу маалымат топтолот

Россияда депортациядан кийин фамилиясын өзгөрткөн мигранттар тууралуу маалымат топтолот.   ТАСС агенттиги жазгандай, 2026-жылдын 1-мартынан тарта Россиянын Ички иштер министрлиги жана чек ара кызматтары өлкөгө кирүүгө тыюу салынган чет өлкөлүк жарандардын фамилиясы, аты-жөнү же туулган күнү өзгөргөнү тууралуу маалыматты федералдык кызматка бериши керек болот.  … Кененирээк…

Россияда көзөмөлдөөчү реестрде 73 миң 278 кыргыз жараны калды

Россияда көзөмөлдөөчү реестрде 73 миң 278 кыргыз жараны калды. Тышкы иштер министрлиги Россияда көзөмөлдөөчү реестрге түшүп калган кыргызстандыктардын акыркы санын берди.   Алар бүгүнтөн тарта өлкөдөн мажбурлап чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынат. Министрлик быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын 98 миң 670 жараны “тобокел тизмесинен” чыгарылганын… Кененирээк…

Кыргызстандын 14,5 миңден ашык жараны Россияда макамын мыйзамдаштырды

Кыргызстандын 14,5 миңден ашык жараны Россияда макамын мыйзамдаштырды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди. Эске салсак, бүгүн Россияда мыйзамсыз жүргөн мигранттардын өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштыруу мөөнөтү аяктады.   11-сентябрдан тарта аны аткарбаган чет элдик жарандар өлкөдөн чыгарылып, мыйзамда каралган бардык чектөөлөр колдонулат, анын ичинде Россияга… Кененирээк…

Россиядагы мигранттарга макамын жөнгө салуу үчүн саналуу күндөр калды

Россиядагы мигранттарга макамын жөнгө салуу үчүн саналуу күндөр калды. Тышкы иштер министрлигинен эске салышкандай, кыргызстандыктар кыргызстандыктар 10-сентябрга чейин макамын жөнгө салышы керек.   Миграциялык мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрге түшүп калгандар аймактык миграция бөлүмдөрүнө кайрылып, 10-сентябрга укуктук абалын мыйзамдаштырышы зарыл. Ведомство маалыматына ылайык, 2025-жылдын январына… Кененирээк…

Россияда жүргөн кыргызстандыктар 10-сентябрга чейин макамын жөнгө салышы керек

Россияда жүргөн кыргызстандыктар 10-сентябрга чейин макамын жөнгө салышы керек.   Тышкы иштер министрлигинен эскертишкендей, миграциялык мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрге түшүп калгандар аймактык миграция бөлүмдөрүнө кайрылып, 10-сентябрга укуктук абалын мыйзамдаштырышы зарыл. Ведомство маалыматына ылайык, 2025-жылдын январына карата 376 миң 907 адам Россияда миграциялык каттоодо турат.

Чет өлкөлүктөр Россияга чыгар алдында RuID мобилдик тиркемеси аркылуу ыктыярдуу түрдө өзү жөнүндө маалымат жөнөтө алат

Чет өлкөлүктөр Россияга чыгар алдында RuID мобилдик тиркемеси аркылуу ыктыярдуу түрдө өзү жөнүндө маалымат жөнөтө алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев билдирди.   Анын айтымында, тиркеме аркылуу Россияга барганга чейин 72 саат мурда маалымат берүү керек. RuID тиркемесин алдын ала толтуруу Россияга барганда… Кененирээк…

30-июндан тарта Россияга кирүү боюнча жаңы талаптар күчүнө кирет

30-июндан тарта Россияга кирүү боюнча жаңы талаптар күчүнө кирет. Кыргызстандагы Россиянын элчилиги жаңы эрежелер тууралуу эскертүүдө.   Дипмиссиянын маалыматына ылайык, 30-июндан тарта виза талап кылынбаган чет өлкөлүк жарандар Бирдиктүү идентификациялоо системасынан каттоодон өтүп, кирерден 72 саат мурда ruID мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук түрдө арыз тапшырышы… Кененирээк…

Россиядагы кыргызстандык мигранттарга жардам берилет

Россиядагы кыргызстандык мигранттарга жумушка орношуу, милдеттүү медициналык камсыздандыруу жана легалдаштыруу боюнча жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.   Ведомствонун Россиядагы өкүлчүлүгү мигранттарды колдоо, иш берүүчүлөр жана диаспоралар менен кызматташуу ишин күчөттү. Аталган өлкөнүн мыйзамдарындагы жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, өлкөдө мыйзамсыз жүргөн… Кененирээк…