Билим берүүнүн стандарттарын өзгөртүп, 12 жылдык окууга өтүү боюнча долбоорду Жогорку Кеңеш кайрадан артка кайтарды

Билим берүүнүн стандарттарын өзгөртүп, 12 жылдык окууга өтүү боюнча долбоорду Жогорку Кеңеш кайрадан артка кайтарды. Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева программанын алкагында окуу китептери кайрадан иштелип чыгып, мугалимдер да даярдаларын билдирди.   Бул үчүн Азия өнүктүрүү банкынан  40 миллион доллар алуу боюнча макулдашуу парламенттин кароосуна… Кененирээк…

Парламент депутаттары “Билим жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү демилгеледи

Парламент депутаттары “Билим жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү демилгеледи. Ага ылайык, бала бакчаларда ата-энелердин эсебинен тамак уюштуруу нормасын алып салуу сунушталууда.   Документте жазылгандай, эгер өзгөртүү киргизилбесе, анда балдардын көбүндө мектепке чейинки билим алууга мүмкүнчүлүгү болбой калат. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.   Эске салсак, 11-августта… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароого укук берген мыйзам долбоорду кабыл алды

Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароого укук берген мыйзам долбоорду кабыл алды. Ага ылайык, аталган органдын чыгарган тыянагы айрым учурда акыркы болуп саналбайт.   Президенттин жана Конституциялык соттун төрагасынын сунушу менен кайра каралууга жатат. Конституциялык соттун чечими бир нече иштер боюнча, анын ичинде “кыргыз элинин баалуулуктарына,… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш Курултай жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окуудан өткөрдү

Жогорку Кеңеш Элдик курултайдын ишин жөнгө салган мыйзам долбоорун биринчи окуудан колдоду. Аталган мыйзам долбоору 15-мартта каралып, көп депутаттын нааразычылыгынан улам күн тартибинен алып салынган болчу. Андан соң ар бир фракциядан бирден мүчө кирип, жумушчу топ түзүлгөн. Анын төрагасы Жанар Акаев долбоор кандай өзгөртүлгөнүн айтып берди. «Башында… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш мугалимдерди кемсинтүү үчүн айып салуу жөнүндө мыйзам долбоорду кабыл алды

Жогорку Кеңеш мугалимдерди кемсинтүү үчүн айып салуу жөнүндө мыйзам долбоорду кабыл алды. Документке ылайык, эгер мектеп окуучусу мугалимге орой мамиле жасап, кемсинтсе – ата-энесине эскертүү берилет.   Ал эми муну 18 жашка чыккан чоң киши жасаса, ал 1 миң сом айыпка тартылат. Документ 3 окууда… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жөнүндө мыйзам долбоорлорунун топтомун үч окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жөнүндө мыйзам долбоорлорунун топтомун үч окууда кабыл алды. Кеп, “Чалгындоо жана контрчалгындоо иш жөнүндө” мыйзамы тууралуу болуп жатат.   Белгилеп кетсек, буга чейин мыйзам долбоору коомчулукта кызуу талкууга алынган. Анда соттун чечими жок эле телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшоо, менчик жерге… Кененирээк…

Садыр Жапаров “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамына кол койду

Садыр Жапаров “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамына кол койду. Мыйзам мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө жана коррупцияны жокко чыгарууга багытталган.   Алсак, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, ошондой эле уставдык капиталга катышуу үлүшүнүн 50 жана андан көп пайызы мамлекетке таандык болгон акционердик коомдордун, анын ичинде алардын… Кененирээк…

Садыр Жапаров 105 миң үйдү мыйзамдаштыруу жөнүндөгү мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров 105 миң үйдү мыйзамдаштыруу жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришкендей, документтин максаты жер участокторуна мунапыс берүүнүн укуктук негиздерин, шарттарын жана тартибин аныктоо болуп саналат.   Мыйзам мамлекет тарабынан жерге болгон менчик укугун бекитүү маселесин жөнгө салат. Эске салсак, документке ылайык,… Кененирээк…

Жол эрежелерин одоно бузган айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү каралууда

Ички иштер министрлиги жол эрежелерин одоно бузган айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Документ ылдамдыкты жогорулатуу, каршы тилкеге чыгуу жана маневр жасоо эрежелерин бузуу жана машинаны мас абалында башкаруу жөнүндө. Андан тышкары, мас абалында унаа башкарып, жол эрежесин бузган үчүн айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу… Кененирээк…

Кыргызстанда мындан ары аймактардын аталышын адам ысымына өзгөтсө болот

Кыргызстанда мындан ары аймактардын аталышын адам ысымына өзгөтсө болот. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Документ аймактарды өнүктүрүүгө кошкон салымы бар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, илимдин, маданияттын кызматкерлерин жана тарыхый ишмерлердин ысымдарын айылдарга, өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарууга жол берет