Ош: Кара-Сууда суюк азот өндүрүүчү завод ишке кирди

Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл аймагында суюк азот өндүрүүчү завод ачылды. Бул тууралуу аймактагы Айыл чарба долбоолорун ишке ашыруу бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык, суюк азот малды жасалма жол менен уруктандырууда колдонулат. Жаңы ишкана суткасына 312 литр суюк азотун чыгара алат, ал түштүк аймактарды камтыйт. Ал эми… Кененирээк…

Кочкордо тигүү цехи ачылды

Кочкордо тигүү цехи ачылды. Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анын алкагында 30га жакын жумуш орду түзүлдү. Ишкана жеке ишкер тарабынан түптөлдү. Цех жергиликтүү кесиптик лицейдин ишмердүүлүгүн алдыга жылдыруу максатын көздөйт.

Балыкчыда ун чыгаруучу ишкана ачылды

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында ун чыгаруучу ишкана ачылды. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинен билдиришти. Анын алкагында жергиликтүү калк үчүн ондогон жумуш орундары түзүлдү. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 70 тоннаны түзүп, 1 жана 2-сорттогу ун чыгарылат.

Кара-Балтада тигүү жана текстиль фабрикасы ачылат

Кара-Балтада тигүү жана текстиль фабрикасы ачылат. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ишкана электр техникалык оюнчук жана килем комбинатынын өндүрүш заводунун базасында түптөлөт. Долбоор инвестор тарабынан ишке ашырылат жана инвестициянын көлөмү болжол менен 25 миллион долларды түзөт.  

Ош: №42 жатак абагында жыл башынан тарта тогуз тонна кир самын даярдалды

Жарым жылдын ичинде Ош шаарындагы №42 жатак абагындагы атайын цехте тогуз тонна кир самын даярдалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, өндүрүлгөн продукция Юстиция министрлигиндеги мекемелердин керектөөлөрүнө жумшалды.

Ат-Башы районунда эфир майын чыгарган ишкана ачылды

Ат-Башы районунда эфир майын чыгарган ишкана ачылды. Анын алкагында 10 жаңы жумуш орду түзүлдү, – деп билдиришти президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн. Маалыматка ылайык, сезон убагында бул жерде жумушка 35 адам тартылат. Ишканада 30га жакын чөптүн түрү, 10 чөптүн жыйындысы чыгарылып, дары чөптөрдүн уруктарынан эфир майы… Кененирээк…

Ушул жылдын аягына чейин Балыкчыда өлкөдөгү эң ири эт комбинаты ишке кирет

Ушул жылдын аягына чейин Балыкчыда өлкөдөгү эң ири эт комбинаты ишке кирет. Ири жана майда малды союп, этти кайра иштетүүчү заводдун курулушу аяктоо алдында турат. Долбоорго ылайык, технологиялык линиянын кубаттуулугу бир өндүрүш нөөмөтүндө 100 баш бодо малды жана 1 миң баш майда малды түзөт. Объекттин… Кененирээк…

Жакында “Бишкек” эркин экономикалык аймагында үч долбоор ишке кирет

Жакында “Бишкек” эркин экономикалык аймагында үч долбоор ишке кирет. Аталган мекеменин башкы директорунун орун басары Манас Мураталиевдин айтымында, беш айда 125 миллион сомго 16 ишкана менен инвестициялык келишим түзүлдү. Анын алкагында, 2-3 айдан кийин жүндү кайра иштетүүчү ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда. Мындан тышкары, синтетикалык жүндөн… Кененирээк…

Ноокатта 160 орундуу тигүү цехи ачылды

Ноокатта 160 орундуу тигүү цехи ачылды. Novosti.kgге президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ишкана ички инвестор тарабынан пайдаланууга берилди. Көк-Жар айыл өкмөтүндө жайгашкан тигүү цехте даярдалган продукция Россияга экспорттолот. Кошумчаласак, өндүрүшкө 145 миң доллар сарпталды.

Ош облусунун Ноокат районунда жаңы кыш чыгаруучу завод ачылды

Ош облусунун Ноокат районунда жаңы кыш чыгаруучу завод ачылды. Бизге президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн такташкандай, ишканага Көк-Жар айыл өкмөтү 5 гектар жер бөлүп берген. Анда күнүнө 20 миң кыш чыгат. Өндүрүшкө жалпысынан 7 миллион сом жумшалды. Учурда бул жерде 50гө чукул жергиликтүү тургун эмгектенүүдө.