Саламаттык сактоо министрлиги хантавируска байланыштуу маалымат таратты

Кыргызстанда хантавирустун жайылуу коркунучу өтө төмөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирип, калкка жана туристтерге эч кандай коркунуч жок экенин белгиледи.   Маалыматта айтылгандай, дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок жана көпчүлүк адамдар үчүн инфекцияны жуктуруп алуу коркунучу аз.   Ошону менен катар Саламаттык сактоо министрлиги жаратылышка… Кененирээк…

Май майрамдарында өлкөдөгү ооруканаларда дарыгерлер нөөмөттө турушат

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, 1-майдан 10-майга чейинки эс алуу күндөрү саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иш алып барат.   Медициналык мекемелерде күнү-түнү тез жардам көрсөтүлөт, шашылыш дарылоого муктаж бейтаптарды ооруканага жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт.   Ошондой эле зарыл дары-дармек, медициналык буюм, кан компоненти жана… Кененирээк…

Эми милдеттүү медициналык камсыздандыруу 16 жаштан эмес, 18 жашка чейин иштейт

Эми милдеттүү медициналык камсыздандыруу 16 жаштан эмес, 18 жашка чейин иштейт.   Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.   Ага ылайык, милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында балдардын курагы  16 жаштан 18 жашка чейин узартылды. Бул жаш курактагы өспүрүмдөр үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү республикалык бюджеттин эсебинен төлөнөт.… Кененирээк…

Чоң-Алайда поликлиника, лаборатория жана дарыгерлер үчүн кызматтык үй курулат

Ош облусунун Чоң-Алай районунда поликлиника, лаборатория жана дарыгерлер үчүн кызматтык турак жай курулат.   Жергиликтүү бийликтен маалым болгондой, объекттер Дароот-Коргон айылындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун аймагында болот. Учурда бул жерде эки кабаттуу инфекциялык бөлүм курулуп жатат.   Курулуш иштери быйыл жыл ичинде аяктап, мекеме зарыл… Кененирээк…

Ош облусунун Кара-Суу шаарында жаңы медициналык борбор ачылды

Президенттин сайтындагы маалыматка караганда, объекттин имараты төрт кабаттан турат.   Мекеме заманбап медициналык жабдуулар жана эмеректер менен жабдылган.   Имаратта административдик кызматтар, консультациялык жана диагностикалык бөлүмдөр, ошондой эле медициналык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө арналган адистештирилген кабинеттер жайгашкан. Компьютердик томография (КТ), дарт аныктоочу, рентген аппараттары, флюорография жана башка… Кененирээк…

Таласта көп тармактуу медициналык борбор курулат

Талас шаарында аянты 1 миң чарчы метрден ашкан заманбап медициналык борбор курулат. Бул тууралуу бизге жергиликтүү бийликтен билдиришти.   Көп тармактуу медициналык борборду каржылоо боюнча макулдашууга өнүктүрүү фонду менен кол коюлду. Ага ылайык, объектти заманбап жабдуулар менен камсыздоого 27 млн сом бөлүнүүдө.   Долбоор Талас… Кененирээк…

Кыргызстанда мамлекеттик ооруканалардын ишин натыйжалуу кылуу үчүн өзгөртүүлөр киргизилет

Кыргызстанда мамлекеттик ооруканалардын ишин натыйжалуу кылуу үчүн өзгөртүүлөр киргизилет. Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.   Документте жазылгандай, медициналык мекемелер өз бюджетин, персоналын жана чыгашаларын өз-алдынча башкара алат. Жетекчилер чечим кабыл алууда эркиндикке ээ болот.   Алгач жаңычылдык өлкөдөгү 14 ооруканада киргизилет. Эгер эксперимент… Кененирээк…

Чолпон-Атада дары-дармек менен камсыздоо 99%га жетти

Чолпон-Ата шаарын дары-дармек менен камсыздоо 99%ды түздү. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду билдирди. Маалыматка ылайык, фонддун төрагасы Азамат Муканов Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы дары-дармек сактоочу кампаны текшерген. Текшерүүнүн жүрүшүндө дары каражаттарынын кору, камсыздоо деңгээли жана алардын медициналык мекемелердин муктаждыгына шайкештиги… Кененирээк…

Бейтаптарга каалаган ФАПтан электрокардиографиядан өтүүгө шарт түзүлөт

Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талант Эралиев кардиология тармагына жасалма интеллектти киргизүү тууралуу айтып берди. Анын айтымында, учурда жасалма интеллект багытында стратегиялык жана масштабдуу долбоорлор ишке ашырылууда. «Бейтап каалаган фельдшердик-акушердик пункттан, атүгүл дарыгер жок болгон учурда да электрокардиографиядан өтө ала турган тутумду киргизүү пландалууда.… Кененирээк…

Бишкекте Эл аралык медициналык форум өтүүдө

Бишкекте «Жасалма интеллект, инновация жана санарип технологияларды колдонуу менен жүрөк-кан тамыр жана жугуштуу эмес ооруларда интеграцияны жүргүзүүнүн заманбап моделдери» аттуу эл аралык медициналык илимий форум жана «Миррахимов окуулары» аттуу илимий-практикалык конференция башталды. Форумга ШКУнун саламаттык сактоо министрликтеринин өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана өнөктөштөр, анын ичинде… Кененирээк…