Кыргызстанда мас болуп унаа айдаган айдоочуларга жаза күчөтүлөт

Кыргызстанда мас болуп унаа айдаган айдоочуларга жаза күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.   Жогорку Кеңеш тиешелүү мыйзам долбоорун үч окууда жактырып, президенттин кароосуна жөнөттү. Учурда ичип алып унаа айдаган айдоочулар бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат.   Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, үч… Кененирээк…

ӨКМ кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Кыргызстанда 6-майга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.   Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, айрыкча Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун Көк-Арт ашуусу, Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда сак болуу керек.   Жолдор тайгак болуп муз… Кененирээк…

Cелден улам Баткен районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, кечээ, 2-майда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, аймактагы бир катар айылдарда кооптуу абал жаралды. Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында сел суусу айрым үйлөргө жана короо-жайларга кирип, 150дөй адам коопсуз жайларга эвакуацияланды.   Учурда сел кесепеттерин жоюу, жолдорду тазалоо жана жарандардын коопсуздугун… Кененирээк…

Нөшөрлөп жааган жаандан улам Манас шаарында да сел жүрдү

Кечээ, 30-апрелдин кечинде нөшөрлөп жааган жаандан улам Жалал-Абад облусунун Манас шаарында сел жүрүп, төрт социалдык объектке жана 39 турак жайга зыян келтирген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, анын ичинен 16 үйдүн ичине сел суулары кирип, 23 турак жайдын короолоруна суу толгон.   Кырсыктын кесепетин жоюу үчүн… Кененирээк…

Кадамжай районунда селден улам ички жол убактылуу жабылды

Кечээ Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында нөшөрлөп жааган жамгырдын улам кокту-колоттон сел жүрдү.   Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Тамаша-Кызыл-Булак жолундагы сайдан жана Пүшкөүт, Таш-Булак сайлары аркылуу сел жүрүп, жол убактылуу жабылды.   Учурда калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.   Сел турак жай жана социалдык объектилерге… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди

Бүгүн, 29-апрелге караган түнү саат 02:22де кыргыз-тажик чек арасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.   Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында жайгашып, анын күчү 3,5 баллга жеткен. Силкинүү Баткен облусундагы Кара-Тейит айылынан түштүк-батышка карай 20 чакырым жана Баткен облусунан түштүк-чыгышка карай… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу райондорунда ел жүрүү коркунучу бир жума бою сакталат

Өлкөнүн тоолуу райондорунда ел жүрүү коркунучу бир жума бою сакталат. Синоптиктердин маалыматына ылайык, буга нөшөрлөп жааган жаан жана аба табынын жогорулашы себеп болот.   Жаан-чачын ошондой эле дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө алып келет. Жарандарга сак болуу сунушталат.

Долон ашуусунда кар жаап жатат

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, кардын калыңдыгы 5-6 сантиметрге жетти.   Учурда аталган ашууда каттам бар, жолго кум-туз себүү иштери жүрүүдө.   Айдоочуларга сак болуу сунушталат.

Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды

Сейсмология институтунан билдиришкендей, силкинүү бүгүн түнкү саат 02:30да болгон.   Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү 3,5 баллды түзгөн. Анын очогу Баткенден түштүк-чыгышка карай 62 чакырым, Коргон айылынан түштүк-чыгышка карай 21 чакырым аралыкта жайгашкан.   Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

ӨКМ кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.   Маалыматка ылайык, бүгүнтөн тарта 25-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, атап айтканда, Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун Көк-Арт ашуусу, Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу… Кененирээк…