Сот Райымбек Матраимовду 26-апрелге чейин камакка алды

27-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Миран Шерматов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасын карап, 26-апрелге чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында камакка алды. Мурдагы бажычы өзү жана адвокаты коюлуп жаткан айып тууралуу комментарий берүүдөн баш… Кененирээк…

Мадумаров күнөөлүү деп табылды, бирок жаза чегерилген жок

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 26-марттагы өкүмү менен күнөөлүү деп табылды. Бирок жаза чегерилген жок. Соттун маалымат кызматы билдиргендей, Мадумаров Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту, 338-беренесинин 3-бөлүгү боюнча айыпталууда.   Адахан Мадумаров өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге… Кененирээк…

Мурдагы вице-премьер-министр Разаков үй камагына чыкты

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 24-июнга чейин үй камагына чыкты. Аталган соттон билдиришкендей, Ички иштер министрлигинин тергөөчүсүнүн Разаковду үй камагына чыгаруу өтүнүчү 16-июнда канааттандырылган. ИИМ мурдагы вице-премьерди 24-январда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (“Алдамчылык”) жана 337-беренесинин 4-бөлүгү (“Кызмат… Кененирээк…

Кумтөр иши: Сот Бакиевди мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга сыртынан кести

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев Кумтөр иши боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга сыртынан кесилди. Мындай өкүмдү Бишкектин Биринчи май райондук соту 2023-жылдын 1-мартында чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы 9-июнда «Азаттыкка» ырастады. «Кумтөр боюнча 10 жылга соттолсун деп чечим чыкты. Мурда башка… Кененирээк…

Равшан Жээнбековдун аялы Салкынай Алимбаева эки айга камалды

Бишкектин Биринчи май райондук соту абактагы оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын бөгөт чарасын карап, эки айга камакка алды. Бул тууралуу маалыматты райондук соттон ырасташты.   Аны камакка алуу боюнча өтүнүнчү УКМКнын тергөөчүлөрү келтирген. Алимбаеванын адвокаттары камакка байланышпаган чара кабыл алууну суранган. Мунун алдында… Кененирээк…

Конституциялык сот шайлоо күрөөсүнүн көптүгү жөнүндө арызды карайт

Конституциялык сот «Президенти жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 601-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндөгү арызды өндүрүшкө кабыл алынды. Анда сотко Жакшылык Кадыров аттуу адам кайрылганы белгилүү болду. «Шайлоо тууралуу мыйзамдын 601-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүнө ылайык, талапкер жеке каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын… Кененирээк…

Кемпир-Абад иши: кармалгандардын камактагы мөөнөтү эки айга узартылды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад ишине катышы бар деп кармалгандардын бөгөт чарасын кароону 16-декабрда да түн жарымына чейин улантып, чечим чыгарды. Айданбек Акматов, Атай Бейшенбек, Айбек Бусурманкулов, Кубаныч Кадыров, Марат Баязов жана Эрлан Бекчоро 20-апрелге чейин камакта калды. Мамбетжунус Абылов ооруканада жаткандыктан анын бөгөт… Кененирээк…