Жарым жылда Кыргызстанга 5 миллиондой чет элдик жаран кирип-чыкты

Быйылкы жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандын чек арасынан дээрлик 5 млн чет өлкөлүк жаран кирип-чыкты. Статистика комитетинин маалыматына караганда, алардын басымдуусу Өзбекстан, Казакстан, Россия жана Кытай жарандары.   Быйыл алты айда 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эс алуучулардын саны дээрлик 1,4 эсеге көбөйүп, 2 миллионго жакын адамды… Кененирээк…

Таласта эки Rest Point ачылды

Талас шаарында жана «Манас ордо» комплексинде эки жаңы Rest Point ачылды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.   Борборлордо туристтер үчүн заманбап инфраструктура түзүлгөн. Тактап айтканда, бул жерде заманбап маалымат борбору, душ бөлмөлөрү, санитардык түйүндөр жана кафе иштейт.   Маалымат борборлорунан аймактагы туристтик… Кененирээк…

Кыргызстанда туристтер үчүн конок борборлору жана эл аралык хабдар ачылат

Кыргызстанда туристтер үчүн конок борборлору жана эл аралык хабдар ачылат.   Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Эдуард Кубатов билдиргендей, аянты 500-600 чарчы метрди түзгөн борборлордо кофеканалар, буюм сактоочу жайлар, коворкинг-аймактар, дүкөндөр болот. Мындай 40 объектти район борборлоруна куруу пландалууда.   Андан тышкары, Каракол, Бишкек, Ош… Кененирээк…

Кыргызстандыктар Борбор Азиядагы эң активдүү саякатчылардын катарына кирди

Дүйнөлүк саякат жана туризм кеңешинин маалыматына ылайык, өткөн жылы чет өлкөлөргө жасалган бардык сапарлардын 19 пайызы Кыргызстандын жарандарына туура келген.   Бул көрсөткүч боюнча өлкө Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан кийин төртүнчү орунду ээледи. Ошол эле учурда Кыргызстандын өзү да Борбор Азиядагы эң популярдуу туристтик багыттардын… Кененирээк…

Кыргызстанда туризм жана жайгаштыруу кызматтарынын тармагы өсүүдө

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ушул жылдын алгачкы беш айында мейманкана бизнесинин кирешеси кыйла көбөйдү.   Алар көрсөткөн кызматтардын көлөмү 3,5 миллиард сомго жакындап, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34 пайызга өстү.   Мындай өсүш туристтердин санынын көбөйүшү жана мейманканалардын көбүрөөк толушу менен байланыштуу.

«Ала-Тоо Резорт» долбоорунун алкагында дагы төрт асма жолдун курулушу башталды

Жыргалаңда «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма жолдун курулушу башталды.   Ишканадан билдиришкендей, долбоорду дүйнөлүк компания ишке ашырууда.   Бул асма жолдордун курулушу аяктагандан кийин биринчи этаптагы аталган жолдордун жалпы узундугу сегиз чакырымдан ашат.

Кыргызстанда мейманканаларды, конок үйлөрүн, боз үй лагерлерин жана эс алуу жайларын категориялоо үчүн арыздарды кабыл алуу уланууда

Кыргызстанда мейманканаларды, конок үйлөрүн, боз үй лагерлерин жана эс алуу жайларын категориялоо үчүн арыздарды кабыл алуу уланууда.   Туризмди өнүктүрүү  мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, бул кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатып, бирдиктүү тейлөө стандарттарын киргизүүгө жардам берет. Баалоодон өткөн мейманканалар менен курортторго “жылдыз”, конок үйлөрүнө “эдельвейс”, ал… Кененирээк…

Кыргызстанда туристтерди милдеттүү түрдө камсыздандыруу сунушталууда

Бийлик туроператорлорду кардарлары үчүн камсыздандыруу келишимин түзүүгө милдеттендирген токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.   Маалыматка ылайык, бул мамлекеттик бюджетке келтирилген чыгымдарды азайтууга жардам берет.   Камсыздандыруу суммасы туристтик маршрутка жараша өзгөрөт: кадимки эс алуу үчүн 3 миллион сомго чейин, ал эми экстремалдык туризм үчүн 5… Кененирээк…

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик мейманканалар, конок үйлөрү, боз үй лагерлери жана курорттор үчүн классификацияга арыз кабыл ала баштады

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик мейманканалар, конок үйлөрү, боз үй лагерлери жана курорттор үчүн классификацияга арыз кабыл ала баштады. Мекеменин маалыматына ылайык, бул туристтик кызматтардын сапатын жакшыртып, тейлөөнүн бирдиктүү стандарттарын киргизүүгө багытталган.   Анын негизинде мейманканаларга “жылдыз”, конок үйлөрүнө “эдельвейс”, ал эми боз үй лагерлерине… Кененирээк…

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 11 RestPoint иштеп жатат

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 11 RestPoint иштеп жатат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпы 18 объект курулуп бүткөн, бирок айрымдары ишке кире элек.   Иштебеген RestPoint’тер ишкерлерге ижарага берилүүдө. Түйүндөрдө туристтер эс алып, гаджеттерин кубаттап, чай же кофе ичип, тамак жеп,… Кененирээк…