Жогорку Кеңеш депутаттары жайкы эс алуудан кайтып келди

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын кезектеги сессиясынын ачылышы өттү. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Алгач Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов сессияны ачык деп жарыялап, андан соң Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни жаңырды.   Эске салсак, эл өкүлдөрү 30-июнда жайкы эс алууга тараган.

Парламент “Шайлоолор жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү карап, президенттик шайлоолордун күнүн белгилейт

Парламент “Шайлоолор жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү карап, президенттик шайлоолордун күнүн белгилейт. Депутаттар кезексиз жыйынга жакынкы арада чогулат, — деди Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев.   Анын айтымында, массалык башаламандыктар шайлоолордун жыйынтыгына нааразылыктар үчүн келип чыкты. Андыктан, депутаттар бир нече маанилүү суроолорду дагы карашы керек. Алсак, шайлоо… Кененирээк…

Масалиевдин ордуна Айдаров депутат болду

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсү, депутат Исхак Масалиевдин депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн эрте токтотулуп, мандаты алынды. Ал эми анын ордуна партиялык тизме боюнча талапкер Нургазы Айдаров депутаттык мандатка ээ болду. Бул чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүн, 26-майда өткөн отурумунда кабыл алынды.   Нургазы Айдаровго депутаттык… Кененирээк…

Масалиев депутаттык мандатын тапшыра турганын жарыялады

Парламенттин 21-майдагы жыйынында «Өнүгүү-Прогрес» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев мандатын тапшыра турганын жарыялады. Ал өз чечимин коомчулукта өкмөттүн, парламенттин, спикердин ишин сындагандар көп экени менен түшүндүрдү. Жогорку Кеңеш, өкмөт баардык депутаттарга текши мамиле жасабай жатканын айтты.   «Өкмөттүн тоготпогон мамилесин сезип атам. Мен төрт жолу депутат… Кененирээк…