Тайырбек Жумашбек уулу Будапешттеги турнирдин күмүш байгесине татыды

Балбан Тайырбек Жумашбек уулу Будапештте өтүп жаткан рейтингдик турнирде күмүш байгеге ээ болду.

 

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал алтын байге үчүн болгон финалдык беттеште 2025-жылдын Азия чемпиону, Япониялык Такару Судага 3:5 эсебинде жеңилип калды.

 

Турнирде эркин күрөш боюнча мелдештер бүгүн 74 кг, 86 кг жана 92 кг салмак категорияларында уланат. Кыргызстандын атынан Орозбек Токтомамбетов катышат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.