Таксилердин лицензиясын текшерүү 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Буга чейин аталган кызматка такси кызматтарынан лицензия алуу үчүн узун кезек жаралып, мурда айтылган мөөнөткө үлгүрбөй жаткандыгы тууралуу кайрылуулар келип түшкөн. Эми алар башкармалыктын бардык бөлүмдөрү ишембиде да иштейт, түшкү тамакка чыгуу сааты кыскарат. 1-февралга чейин лицензиянын бар-жогун текшерген рейддер болбойт, айыптар салынбайт.
Эске салсак, лицензия бар-жогун текшерүү 1-декабрда башталары айтылган.



