Талас облустук бириккен ооруканасында компьютердик томографиянын баасы төмөндөтүлдү

Талас облустук бириккен ооруканасында компьютердик томографиянын баасы төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Андан такташкандай, буга чейин процедура бейтаптарга 2 миң 600 сомго айланса, эми баа 1 миң 500 сомго түшүрүлдү. Белгилеп кетсек, кымбат томографиялык аппарат Талас облусуна жакында эле жеткирилген. Ал күнү-түнү иштеп, сапаттуу медициналык кароо жүргүзүүгө шарт түзөт.