Талас облусу таза суу менен камсыз болот.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Сауд Аравия фондунун
ортосундагы долбоор боюнча жана Талас облусундагы 146 миң адам таза суу
менен камсыз болуусу күтүлүүдө. Келишимдин алкагында долбоорду ишке ашыруу
багытында 25 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен 30 миллион доллар каражат берилмекчи.