Кыргыз-казак чек арасындагы “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрүү бекети реконструкциядан кийин кайра ачылды. Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Данияр Сатимовдун айтымында, бекетти оңдоого 70 миллион сом жумшалды.
Жаңы инфраструктура чек ара көзөмөлүн күчөтүп, өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Ошондой эле жарандар жана жүк ташуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөрү белгиленди.



