Талас шаарында 10-11-сентябрда базар жана соода жайлары иштебейт

Талас шаарында 10-11-сентябрда базар жана соода жайлары иштебейт.

 

Муниципалитет мындай чараларды санитардык иштерге байланыштырган. Убактылуу жабыла турган жайлардын катарында борбордук базар, кийим-кече, курулуш материалдарын, автотетик саткан дүкөндөр, дөңгөлөк оңдогон жайлар бар.

 

Ал эми кафе жана тамактануучу жайлар, азык-түлүк дүкөндөрү кадимки тартипте иштей берет. Эске салсак, быйыл Эгемендүүлүк күнү Таласта 11-12-сентябрь күндөрү белгиленет.