Талас шаарында 920 орундуу «Акылман» президенттик лицейи курулууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Лицей бардык заманбап шарттар менен камсыздалган үч кабаттуу имарат жана жатаканасы менен салынууда.
Аталган лицейди ушул жылдын август айында пайдаланууга берүү пландалып жатат. Анда окуу акысыз болуп, Талас облусунун гана эмес, өлкө боюнча бардык окуучулар үчүн билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



