Таласта аба чубалгыларын капиталдык оңдоо иштери башталат

 

Март айында Талас облусунда аба чубалгыларын капиталдык оңдоо иштери башталат. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, жумуштар Талас, Айтматов жана Бакай-Ата райондорунда жүргүзүлөт.

 

Жалпысынан 200 километрден ашык аба чубалгыларын оңдоо пландалууда. Реконструкция ноябрь айына чейин созулат.

 

Иш-чаралар аймакты электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртууга багытталган.

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.