Таласта беш миңден ашык орунга ылайыкталган стадион курулат. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, объектке капсула салынды.
Жаңы стадион шаардагы Асанбек Оторбаев көчөсүндө жайгашкан жер тилкесине салынат. Аймакта футбол аренасынан тышкары жасалма чөптөн машыгуу оюн талаасы, воркаут, фудкорт аянтчасы орун алып, стадиондун айланасында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Ошондой эле, 180 машинеге ылайыкталган унаа токтотуучу жайы болот.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



