Таласта «Чоң-Капкага» барчу 11 чакырым жол жаңыланды

Талас облусунда Кызыл-Адыр айылынан «Чоң-Капка» өткөрмө пунктуна чейинки 11 чакырым жолго толугу менен асфальт төшөлдү.

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, быйыл Таластын Айтматов жана Манас райондорунда жалпы 28 чакырым жолду асфальттоо пландалган.

 

Учурда анын ичинде Тараз – Покровка – Кайыңды жолунун 9 чакырымында жана Гребень – Плотина – Покровка жолунун 8 чакырымында иштер уланууда.