Таласта көп тармактуу медициналык борбор курулат

Талас шаарында аянты 1 миң чарчы метрден ашкан заманбап медициналык борбор курулат. Бул тууралуу бизге жергиликтүү бийликтен билдиришти.

 

Көп тармактуу медициналык борборду каржылоо боюнча макулдашууга өнүктүрүү фонду менен кол коюлду. Ага ылайык, объектти заманбап жабдуулар менен камсыздоого 27 млн сом бөлүнүүдө.

 

Долбоор Талас облусундагы хирургиялык жардамга адистешкен стационары бар алгачкы жеке клиника болот.