Таластын Айтматов районунун Аманбаев айылында жашылча-жемиштерди сактоочу жана кайра иштетүүчү заводдун курулушу башталды.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгү билдиргендей, долбоордун алкагында 300 гектар айдоо жер өздөштүрүлүп, анын 40 гектарына картошка эгилди.
Тамчылатып сугаруу системасы курулуп, 100 метрлик скважина казылган, ошондой эле көлөмү 10 миң куб метр болгон суу сактоочу жай пайдаланууга берилди.
Завод ушул жылдын 31-августунда ачылат.



