Таластын Аманбаев айыл аймагындагы Кара-Сай айылынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан эң бийик чокуга “Бакай-Ата” деген географиялык аталыш ыйгарылды. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Маалыматка ылайык, бийиктиги 4 миң 457 метр болгон чокунун аты буга чейин болгон эмес. Бул боюнча мыйзамды Жогорку Кеңеш 2025-жылдын 26-февралында кабыл алган.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



