Таш-Көмүр – Кербен – Ала-Бука жолуна асфальт төшөө иштери аяктап калды

Таш-Көмүр – Кербен – Ала-Бука мамлекеттик маанидеги унаа жолунда асфальт төшөө иштери уланууда.

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, быйылкы жылы жолдун 34-39-чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери каралган. Бүгүнкү күндө иштер аяктоо алдында турат.

 

Бул жол Таш-Көмүр шаарын Аксы жана Ала-Бука райондору менен байланыштырган маанилүү транспорттук каттамдардын бири болуп саналат.