Таш-Көмүр шаарында кыска мөөнөттүү 3 бала бакча ачылды

Таш-Көмүр шаарында кыска мөөнөттүү 3 бала бакча ачылды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү уюмдары балдарды кабыл алып баштады.

 

Наристелер бакчада эки нөөмөт менен тарбияланууда. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борборун түзүү пландалган. Алар аркылуу 3-5 жаштагы 40 миңдей бала мектепке чейинки билим алууга тартылат. Бул бакчаларда билим алуу акысыз.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.