Таш-Көмүр шаарында “Шахтер” стадиону ачылат

Таш-Көмүр шаарында 60 жылдан кийин биринчи жолу толук капиталдык реконструкциядан өткөн “Шахтер” стадиону ачылат.

 

Кыргыз футбол биримдиги билдиргендей, 1963-жылы курулган стадион толугу менен жаңыланып, ага табигый чөп төшөлгөн футбол талаасы, жарыктандыруу системасы, төрт миңге жакын көрүүчүгө ылайыкталган трибуналар, медиа борбор, VIP-аймак жана заманбап кийим алмаштыруучу жайлар орнотулду.

 

Ачылышы 27-июнда болот. Иш-чара концерт жана Биринчи лиганын футболдук беттеши менен коштолот.