«Таш-Рабат» тарыхый комплексинде убактылуу чектөөлөр киргизилди

«Таш-Рабат» тарыхый-архитектуралык комплексинде оңдоо-реставрациялоо иштери жүрүп жатат,

 

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, буга байланыштуу туристтер үчүн убактылуу чектөөлөр киргизилди.

 

Реставрация иштери атайын технологиялар жана адистердин катышуусу менен этап-этабы менен жүргүзүлүп, 2027-жылга чейин уланат.