Ташкент — Тамчы багыты боюнча туристтик каттам 8-июлда кое берилет

Ташкент — Тамчы багыты боюнча туристтик каттам 8-июлда кое берилет. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, каттам жумасына бир жолу — шаршемби күндөрү аткарылат.

 

Жаңы багыт Өзбекстандан Ысык-Көлгө барууну жеңилдетет. Учуу убактысы болжол менен 1 саат 20 мүнөткө созулат.