Ушул жылдын алгачкы беш айында таштандыны кайра иштетүүдөн бюджетке 132 млн сом түштү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 115 млн сомго көп.
Мындан тышкары, өлкөдө таштандыны сорттоо, кайра иштетүү жана жок кылуу менен алектенген ишканалардын атайын реестри түзүлүүдө. Ага азыр 130га жакын мекеме кирсе, анын 17си расмий лицензияга ээ.



