Тигүүчүлөр, текстиль өндүрүүчүлөр жана селлерлер жыл аягына чейин бирдиктүү салыктан бошотулат.
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, жеңилдик 1-августтан 31-декабрга чейин колдонулат.
Ал Кыргызстандын салык органдарында катталган тигүү жана текстиль өндүрүшү менен алектенгендерге, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү электрондук соода аянтчалары аркылуу товар саткандарга тиешелүү. Бошотуу бирдиктүү салыкка гана тиешелүү, башка салыктар жана социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөр сакталат.



