Кыргызстанда тигүү жана текстиль өнөр жайынын субъекттери үчүн киреше салыгынын ставкалары жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Жаңы мыйзамга ылайык, аталган тармактагы ишкерлер ар бир кызматкер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн орточо эмгек акынын 40 пайызынын 12 пайызын төлөшөт. Бул сумма 2 миң 115,5 сомду түзөт.
Ошондой эле киреше салыгы орточо эмгек акынын 1 пайыз өлчөмүндө болуп, 440 сом 7 тыйынды түзөт. Муну менен бир кызматкер үчүн жалпы төлөмдөрдүн суммасы 2 миң 556 сом 2 тыйын болот.
Белгилеп кетсек, быйылкы жылы орточо эмгек акы 44 миң 70 сом деп эсептелген.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



