ТИМ чет өлкөдө жүргөн жарандарды шайлоочулардын тизмесинен текшерүүгө чакырат

Тышкы иштер министрлиги чет өлкөдө жүргөн жарандарды өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен текшерүүгө чакырат. Мекеменин Консулдук департаментинен маалым болгондой, бүгүнкү күндө 1 миң 600 адамдын Кыргызстанда каттоосу жок.

 

Шайлоочулардын тизмеси tizme.gov.kg сайтында жайгаштырылган. Ал жерден өзүн таппай калгандар 19-ноябрга чейин дипломатиялык өкүлчүлүккө жазуу түрүндө арыз менен кайрылууга тийиш.

 

Эске салсак, 30-ноябрда өтө турган кезексиз парламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдө 100 добушкана ачылат. Бул жолу мигранттар консулдук учетко турбастан өздөрү каалаган жерде добуш берсе болот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.