Өткөн дем алыш күндөрү Кыргызстанда 66 сел жүрдү

Өткөн дем алыш күндөрү Кыргызстанда 66 сел жүрдү.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, табигый кырсык 20–21-июнда бир нече аймакты каптап, эң көп зыян Баткен облусуна тийген.

 

Жалпысынан 300дөн ашык турак үй, ондогон социалдык объект, эки базар жана мечит жабыркады. Ошондой эле жолдор, көпүрөлөр жана сугат тармактары бузулуп, 65 гектар эгин аянты жараксыз болуп, жүздөгөн мал кырылды. Коопсуздук максатында 50 адам эвакуацияланды. Учурда өлкөнүн 19 калктуу конушунда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда.