Өтмөк ашуусунда бардык автоунааларга чектөө киргизилди

Өтмөк ашуусунда бардык автоунааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Төө-Ашууга кар жаап, тыгын пайда болгонуна байланыштуу Талас районунун Талды-Булак айылынын чыгыш тарабына пост коюлуп кыймыл чектелди. Чектөө канчага созулары азырынча белгисиз.

 

Айдоочуларга зарыл иш болбосо, Бишкек-Ош, Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолуна чыкпай туруу сунушталат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.