Тоң районунун Ала-Баш айылында 550 окуучуга ылайыкталган заманбап мектеп курулду.
Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда мектептин айланасына асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.
Мектепте заманбап окуу класстары, дарыгердин бөлмөсү, китепкана, ашкана, лаборатория, балдар жана кыздар үчүн өзүнчө эмгек класстары, жыйындар залы жана бардык шарттары менен спорт зал каралган.
Курулуш иштери мамлекеттик бюджеттен каржыланып, жалпы баасы 98 млн сомду түздү.


