Тоң районундагы Калкагар айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда

Тоң районундагы Калкагар айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Курулуш министрлиги билдиргендей, учурда мектептин чатыры жабылып, ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат.

 

Долбоордо заманбап класстар, химия, биология жана физика лабораториялары, китепкана, ашкана, спорт зал жана жыйындар залы каралган.