Тогуз-Торо районунда “Казарман ГЭСтер каскадынын” курулушу башталды

Тогуз-Торо районунда “Казарман ГЭСтер каскадынын” курулушу башталды.

 

Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, долбоордун жалпы кубаттуулугу  912 МВтты түзүп, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздайт. Каскадга Алабуга, Карабулуң-1 жана Карабулуң-2 ГЭСтери кирет.

 

Курулушту ыкчам баштоо үчүн райондук администрация тарабынан 23 гектар жер тилкеси трансформацияланып, инвесторго толугу менен өткөрүлүп берилди.