Токмок шаарынын мэри алмашты

Президент Садыр Жапаров Токмок шаарынын мэри Алтынбек Эргешовду кызматтан бошотуп, ордуна Кутпидин Шакировду дайындады. Кутпидин Шакиров 48 жашта.

 

Ал 2021-2023-жылдары Кадамжай районунун акими болуп иштеген. Кийин Кемин районуна аким болуп дайындалып, быйыл 10-февралда кызматтан алынган.