Токмоктогу «Радиозавод” комплекси мамлекетке өттү

Токмок шаарындагы «Радиозавод» комплекси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 14-ноябрда кабарлады. Маалыматка караганда, комплекстин аянты 1 гектар жана баасы 3 млрд сомдон ашуун деп болжолдонууда. Атайын кызмат «Радиозаводдун» имараты мэриянын 2008-жылдагы токтому менен Ы.А.К. аттуу жаранга сатылып, бирок баасын толук төлөбөгөнү аныкталган.

УКМКнын маалыматында сатып алган тарап кепилдик төлөмдүн 808,4 миң сомун жана негизги сумманын 550 миң сомун гана төлөгөнү белгиленген. Калган сумма 7 млн 534 миң сомду түзөт.

«Ага карабастан Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы процессуалдык талаптарды бузуу менен сатып алуу-сатуу келишимин түзүп, «Радиозавод» ишканасын Ы.А.К.нын менчигине мыйзамсыз өткөрүп берген», — деп айтылат маалыматта.