Токой кызматын жакшыртуу максатында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин карамагындагы токой кызматына жаңы техника тапшырылды.
Кызматкерлерге 55 комплект компьютер, принтер, 559 планшет жана дрондор сатып алынды.
Планшеттер GPS жана геолокация функциялары менен жабдылып, токойдогу мыйзамсыз кыюуларды, өрттөрдү, браконьерликти жана башка мыйзам бузууларды ыкчам аныктоого жардам берет. Ошондой эле токой кызматына унаалар жана экскаватор берилет.



