Токтогул ГЭСинде төртүнчү гидроагрегатты оңдоо иштери уланууда. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, 3 айда пландалган жумуштардын дээрлик жарымы аткарылды.
Долбоорду франциялык компания аткарууда. Күтүлгөндөй, реконструкция иштери ушул жылдын ноябрь айына чейин аяктайт. Ремонттон кийин Токтогул ГЭСинин кубаттулугу 240 мегаваттка көбөйөт.



