Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү жогорулады

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү жогорулады.

“Электр станцияларынын” маалыматына караганда, бүгүнкү күндө көрсөткүч

8 миллиард 624 миллион кубометрди түздү. Суунун агып кириши чыгымдан дээрлик

2 эсе көбөйдү. Эске салсак, апрелдин башында нымдуулуктун көлөмү 8,5 миллиард

кубометр чегинде кармалып турган. Ишканадан белгилешкендей, башкы резервуарда

учурда деле суу аз болгондуктан жарандарга үнөмдүү пайдалануу сунушталат.

Былтыр ушул эле мөөнөттө суу сактагычтагы нымдуулуктун көлөмү

2 миллиард 791 миллион кубометрге көп болчу.