Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 миллиард 269 миллион куб метрди түздү.
Бүгүнкү күнгө карата маалымат менен “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы бөлүштү. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 181 куб метрди түзсө, керектөө секундасына 747 куб метрди түзүүдө. Энергетиктер жарандарды электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



