Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү дээрлик 13 миллиард кубометрди түздү

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү дээрлик 13 миллиард кубометрди түздү. Бүгүнкү күнгө карата маалымат менен “Электр станциялары” компаниясы бөлүштү.

 

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 366 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 232 кубометрди түзүүдө. Белгилеп кетсек, өлкө аймагында соңку жылдары суунун аз келүү мезгили катталып, энергетиктер электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырып келет.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.